• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Эрбол Бакиров жаштар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт 0


Бишкек, 19.09.18./Кабар/. Кыргызстандык Эрбол Бакиров Словакияда өткөн жаштар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрүнүн эл аралык федерациясы билдирди.

Бакиров 63 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Жарым финалда ал россиялык балбан Азамат Каировду жеңип, финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен күрөшкөн.

Турнир 17-сентябрда Трнавда башталган.

Пикир

Оставить комментарий