• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык фермерлердин малды массалык союусуна негиз жок – министр Жаныбеков

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстандык фермерлердин малды массалык союусуна таптакыр негиз жок. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, фермерлер тарабынан малдын массалык союулушу байкалбайт.

“Биз тоюттун бардык түрүнө КНСти нөлгө түшүргөнбүз, бул ички рыноктогу көлөмгө жана алардын бааларына дароо таасир этти. Азыр арпа жана буудайдын баасы 25%га түшүп, ушул деңгээлде кармалып турат. Саман, чөптөн тышкары, базарда тоюттун көлөмү жетиштүү. Ал эми бул тоюттун, малдын же малчылар өндүргөн продукциянын айланасында дүрбөлөңгө түшпөш керек.

Фермерлер малды массалык түрдө союушуп, этин сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сатууга коюлган айыл чарба жаныбарларынын санынын сезондук өзгөрүүсү байкалууда, күз айларында бул дайыма байкалып, сатуудагы малдын саны көбөйөт”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий