• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу Алимардон Шукуров "Неман" клубунун оюнчусу болду

Спорт 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров Беларустун "Неман" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишим үч жылга түзүлдү. Буга чейин Шукуров түркиялык "Болуспор" командасында ойноп келген.

Белгилей кетсек, "Неман" клубу Беларустун чемпионатынын жогорку лигасындагы команда.

Аталган командада буга чейин кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов ойногон. Азыркы учурда жаштар арасында курама командасынын оюнчусу Эмир Шигайбаев дал ушул клубда карьерасын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий