• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу Бангладештеги мелдешти утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын жарым коргоочусу Бактияр Дүйшөбеков ойногон “Башундхара Кингс” клубу Walton Independence Cup кубогун жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Бангладештеги өлкөнүн кесипкөй клубдары арасындагы бул мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.

Дакка шаарында өткөн финалдык беттеште кыргызстандыктын командасы кубокту 3 ирет уткан “Шейх Рассел” клубун 2:1 эсебинде жеңген.

Кыргызстандык футболчу оюн талаасында толук 90 мүнөт өткөргөн.

Мындан мурунку чейрек финалдагы оюнда Дүйшөбековдун 96-мүнөттө киргизген голу анын командасын жарым финалга алып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий