• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков “Галатасарай” клубунун негизги курамында оюн өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 15.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков түркиялык “Галатасарай” клубунун негизги курамында оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Алмазбеков “Галатасарай” командасынын негизги курамында 14-апрелдеги жолдоштук беттешке катышты. Анда түркиялык команда украиналык “Динамо” менен ойноп, 1:3 эсебинде жеңилип калган.

Кыргызстандык футболчу оюндун 82-мүнөтүндө жарым коргоочу Эмре Кылынчтын ордуна чыккан. Алмазбеков гол жарата алган жок, бирок бул оюнда ал алгачкы жолу негизги курамда талаага чыкты.

Белгилей кетсек, Бекназ Алмазбеков “Галатасарай” клубунда чабуулчу позицияда турат.

Пикир

Оставить комментарий