• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу Беларустун чемпионатында дубль жасады

Спорт 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Беларустун "Неман-2" клубунда ойногон кыргызстандык футболчу Эмир Шыгайбаев "Энергетик-БГУ" клубу менен болгон оюнда 2 гол киргизди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Шыгайбаев Беларустун футбол боюнча жогорку лигасынын 6-турундагы оюнда команданын негизги курамы менен оюн талаасына чыккан. Оюн 2:1 эсебинде аяктап, "Неман-2" клубу жеңишке жеткен. 2 голду тең Шыгайбаев киргизген.

"Шыгайбаев биринчи голду оюндун биринчи бөлүгүнүн аяк ченинде баш менен киргизген. Беттештин экинчи бөлүгүндө атаандаштары эсепти теңеген. Бирок оюндун 79-мүнөтүндө Шыгайбаев дагы бир гол киргизип, өзүнүн командасына жеңишти алып келген", - деп билдирет Кыргыз футбол бирикмеси.

Пикир

Оставить комментарий