• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу Эдгар Бернхардт Бангладештин чемпионатында экинчи голун киргизди

Спорт 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Бангладештин чемпионатында экинчи голун киргизди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Чемпионаттын 4-турунда кыргызстандык спортчу ойногон "Абахани Лимитед" командасы "Мохаммедан Дакка" командасы менен оюн өткөрдү.

Бернхардт беттештин 33-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына гол киргизди. Бул анын чемпионаттагы экинчи голу.

Оюн 4:0 эсебинде "Абахани Лимитед" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий