• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандык футболчулар 1:0 эсебинде Тажикстандын командасына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасына 1:0 эсебинде жеңилип калды.

Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында болуп өттү.

Беттештин 42-мүнөтүндө Тажикстандын командасы эсепти ачты. Ак шумкарлардын аракетине карабай эсеп 1:0 боюнча жыйынтыкталды.

Эки команданын оюну Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадионунда болду.

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий