• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык футболчулар эл аралык мелдеште Кытайдын жана Таиланддын командаларын жеңди

Спорт 0

Ош, 07.08.19. /Кабар/. Футбол боюнча Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы Кытайда өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык мелдешке катышууда.

Бул аптада Кытайдын Линься шаарында спорттун 7 түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп, ага 15 өлкөдөн келген 13төн 16 жашка чейинки балдар катышууда. Кыргызстандын атынан бул мелдешке футбол боюнча Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы барган.

Кыргызстандын футболчулары (15-16 жаш) Кытайдын футбол командасын 9:2, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде жеңген.

Жакынкы күндөрү кыргызстандык спортчулар Тажикстан жана Непалдын командалары менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий