• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык футзалчылар КМШ оюндарында 4-орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Оюн 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өттү.

Алгач тайпалык этапта Беларустун курама командасы менен кез келип, ага 0:2 эсебинде жеңилген. Ал эми экинчи беттешинде Азербайжанды 8:3 эсебинде жеңип, кийинки этапка өткөн.

Жарым финалда Россия курама командасы менен ойносо, коло байге үчүн күрөштө Өзбекстан менен беттешип 4:3 эсебинде жеңилди.

Пикир

Оставить комментарий