• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык гимнаст Таиландда көркөм гимнастика боюнча коло медалга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Октябрь районунун олимпиадалык резервдик адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр жана чондор арасында өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чемпионат Паттайя шаарында (Таиланд) өтүп, Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Сингапур, Монголия, Индия жана Таиланддан келген гимнасттар катышты.

Асема Бадыкеева булава менен көнүгүүлөрдү жасап 3-орунга ээ болуп, финалдык жыйынтык менен коло медаль тагынды. Бул кыргыз гимнастикасынын тарыхында Көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын курамасынын биринчи коло медалы.

Ошондой эле, Тинатин Сатыкеева топ менен көнүгүү боюнча квалификацияда 3-орунду, финалда 4-орунду ээлеген.

Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Ким София Кыргызстандын курама командасынын курамында топтук машыгуулар боюнча катышты.

Өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатындагы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча көркөм гимнастика боюнча КР курама командасы жеке көнүгүүлөрдүн 4 түрү (обруч, топ, булава, лента) жана тайпалык көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2 түрү (5 скакалка, 5 топ) командалык 4-орунду ээлешти.

Пикир

Оставить комментарий