• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Ильзат Ахметов Россиянын мыкты жаш футболчусу аталды

Спорт 0

Бишкек,06.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык Ильзат Ахметов Россия премьер-лигасынын мыкты жаш футболчусу аталды. Бул тууралуу dfl сайтында кабарланат.

Москвалык ЦСКА жарым коргоочусу "Биринчи бешөө" деп аталган (Первая пятерка) балдар футбол лигасынын сыйлыгынын ээси болду.

Сурамжылоодо 100дөн ашык адис катышкан. Ахметов 202 упай алган. Андан кийин анын командасындагы Иван Обляков (177 упай) ал эми үчүнчү орунду «Ростов» клубунун оюнчусу Дмитрий Скопинцев – 111 упай менен ээлеген.

Ахметов Россиянын эң мыкты командаларынын бирине ушул жылдын июль айында кошулган.

Эскерте кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Кийинчерээк Орус жарандыгын алган. ЦСКАга чейин Казандын «Рубин» клубунда ойноп келген.

Пикир

Оставить комментарий