• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Илзат Ахметовдун трансфердик баасы 6 млн еврого жетти

Спорт 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Орусиялык ЦСКА футбол клубунун оюнчусу 20 жашар Илзат Ахметовдун трансфердик баасы баштапкысынан бир нече эсеге көбөйүп, 6 млн еврого жетти.

Transfermarkt порталынын маалыматына ылайык, Илзат Ахметовдун трансфердик баасы 1100 пайызга же 5,5 млн евро өстү.

Ахметов ЦСКА клубуна 2018-жылдын июлунда 400 миң еврого өткөн. 31-июлда жаңы клубу үчүн биринчи жолу футбол талаасына чыккан.

Сентябрдын башында көрсөткөн оюнан кийин Ахметовдун баасы 1 млн еврого көтөрүлгөн.

Эске салсак, Ахметов Бишкекте төрөлүп-өсүп, жергиликтүү клубдардын балдар командасында ойногон. Кийинчерээк орус жарандыгын алып, Россияга көчүп кеткен.

ЦСКАга чейин ал казандык "Рубин" ойноп келген.

Ноябрдын орто ченинде англиялык "Арсенал" жана италиялык "Рома" клубдарынын Ахметовго кызыгуусу бар экени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий