• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык ишкерлер Москвада эл аралык көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык ишкерлер "Продекспо-2023" эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын илгерилетүү максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2023-жылдын 6-10-февраль аралыгында Москвада өтүп жаткан "Продекспо- 2023" 30-юбилейлик эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө КРнын Улуттук стендин ачууну жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусун демилгелеген.

Көргөзмөгө КР Соода-өнөр жай палатасынын, Агроөнөр жай комплексинин ишканалар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн ичинен 10го жакын кыргызстандык экспорттоочу компаниялар катышып жатат.

Көргөзмө экспозициясында Кыргызстандан жогорку сапаттагы органикалык кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай жашылчалар, мөмө-жемиштер, кургатылган мөмө-жемиштер, төө буурчак жана башка азыктар кеңири коюлду.

"Продекспо- 2023" көргөзмөсүнүн ачылыш аземине КР Соода-өнөр жай палатасынын "Кыргызэкспоборборунун" жетекчиси Н.А.Султанов, КР Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлү М.И.Тумасов катышты.

Маалымат үчүн: "Продэкспо" – Россиядагы жана Чыгыш Европадагы эң ири эл аралык тамак-аш жана суусундук көргөзмөсү. Быйыл ага 35 өлкөдөн 2 миңден ашык компания катышууда. "Продэкспо - 2023" дүйнө жүзү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн тамак-аш жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрүн тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий