• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык ишкерлерге товарды ЕАЭБдин базарларына өткөрүүгө жардам беришет

Экономика 0

Бишкек, 30.10.18./Кабар/. Кыргызстанда Стандартташтыруу жана метрология борборунун базасында консультативдик аянтчаны түзүшүүдө. Ал эмне үчүн түзүлөрүн жана кандай кызмат көрсөтөрүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев билдирди.

Акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында атамекендик айыл чарба жана тамак-аш өндүрүштөрүн Казакстандын, Россиянын базарларына чыгарууда чек араларда сертификаттарды жасоо сыяктуу көйгөйлөр дайыма болуп турары жазылып жатат. Анын натыйжасында кыргыз өндүрүшү коңшу өлкөлөрдүн базарларына өткөрүлбөй калып жатат.

Буга байланыштуу жеке кеңештерди алуу үчүн аянтча түзүү маселеси пайда болду.

Аданбаев бул маселени чечип,экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн Экономика министрлиги, Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен бизнес-коомчулуктар, мамлекеттик органдар жана бардык кызыккан тараптар үчүн консультативдик аянтча түзүлгөнүн билдирди.

“Өндүрүштүн кайра кайтарылышынын негизги себеби сертификаттарды туура эмес түзүүдө, туура эмес белги коюуда. Өлкөнүн Бажы биримдигине кириши менен биз бир нече тегерек үстөл, семинарларды өткөрдүк, бир ай мурда Бишкекте бекер кеңеш берүүчү аянтчаны ачтык.60тан ашуун көйгөй чечилди”, - деди ал.

Анын айтымында, белгилүү эксперттер жана адистер төмөнкү тармактарда жардам бере алышат:

- Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология жана дал келүүнү баалоо тармактарында;

- Башкаруу системасында;

- Ветеринардык жана фитосанитардык ишмердүүлүктө.

Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын туура келүүнү баалоонун жана халал индустриясынын системасын жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Шабданов Кыргызстан 2015-жылдан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү экендигин, анын алкагында 24 техникалык регламент кабыл алынганын, дагы 14ү иштелип жатканын эске салды.

“Кыргызстанда 38 регламент күчүнө кирди, резинанын, мазуттун, дизелдик күйүүчү майдын коопсуздугун камсыздаган бир регламент келерки жылы 12-августта иштей баштайт. Кабыл алынган бардык регламенттер өндүрүштүн 80 пайызын жөнгө салат. Өндүрүштү жеткирүүдө же экспорттоодо маалымдоо боюнча бир нече иштер жүргүзүлсө да жеке ишкерлерде толтура маселелер пайда болот. Жаңы аянтчада техникалык регламенттин талаптары боюнча түшүндүрмөлөр берилет”, - деди ал алардын борбору саат 15:00дөн 18:00гө чейин жуманын ар шаршембисинде жана жумасында ачык болорун билдирип.

Жыйынтыгында көз карандысыз эксперт Нуридтин Жаманкулов өндүрүштү ЕАЭБдин базарына жүгүртүүгө чыгаруу өндүрүш ишкананын же капманын дарбазасынан өткөндөн кийин башталарын кошумчалады.

“Бул жөн гана КРнын базары эмес, бул ЕАЭБдин базары. Биз бир айдан бери иштеп жатабыз. Негизги аудитория мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бул маселе менен профессионалдуу түрдө алектенгендер”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий