• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстандагы жазгы марафондо жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстанда өткөн Эл аралык жазгы марафондо жеңүүчү аталды. Бул тууралуу спорттук иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, марафонго 12 миң жөө күлүк катышкан. Эң мыктыларына акчалай байгелер ыйгарылган: биринчи орун үчүн - 50 миң теңге, 2 - 30 миң, 3 - 20 миң теңге.

Юлия Фернас негизги 13 чакырым дистанциясына катышып, 52 мүнөт 1 секунд убакыттын ичинде финишке келген.

“Жазгы марафон 21-апрель күнү өтө турган чоң “Алматы марафону 2019” иш-чарасына катышууга жолдомо берет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий