• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык көз боемочулар Украинадагы фестивалда “Өзгөчө искусство” номинациясында 1-орунду алды

Маданият 0

Бишкек, 22-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Көз боемочулар Радислав Сафин жана Ольга Крамер «Kiev Art Fest» (Украина) фестивалында мыкты аталышты. Бул тууралуу көз боемочу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, алар “Өзгөчө искусство” номинациясында “Чыгыш боектору” эксклюзивдүү номерин тартуулап, 1-орунду алышкан.
Байгелүү орундар үчүн 80ден ашык катышуучу ат салышып, алардын чыгармачылыгын Украинанын алдыңкы маданият ишмерлеринен турган калыстар баалады.

“Биздин оюн чыгыш стилинде болуп, анын негизги өзөгү – Корея, Япония жана Кытай элдеринин кийимдерин тез алмаштыруу болгон. Оюнда биз желпингич, шарф, кол чатырлар менен ар түрдүү фокустарды көрсөттүк”, - деп белгиледи О.Крамер.

«Kiev Art Fest» эл аралык сынагы Украина, Польша жана Болгариянын шаарларында жыл сайын ири шоуларды өткөргөн Европа Жаштар Лигасы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий