• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык "Кайыкта" тасмасы Даниядагы эл аралык кинофестивалда байге алды

Маданият 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Кайыкта" кыска метраждуу тасмасы Даниядагы эл аралык кинофестивалда байгелүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 24-30-август күндөрү Даниянын Оденсе шаарында болуп өткөн.

Сынакта режиссер Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" тасмасы "Мыкты сценарий" сыйлыгын алган.

Тасманын сценарийин Темир Бирназаров менен Байзак Маматалиев жазган.

Пикир

Оставить комментарий