• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык келин учактын ичинде көз жарды

Коом 0

Бишкек, 08.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык келин учактын ичинде уул төрөдү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда “Урал авиалиниялары” авиакомпаниясы Ош-Екатеринбург багыты боюнча учуп бараткан.

“Учак жерден көтөрүлгөндөн соң жүргүнчүлөрдүн биринин толгоосу башталып, суу кеткен. Келин учактын ичинде көз жарууга мажбур болгон. Төрөт ийгиликтүү өткөн ”, - деп айтылат маалыматта.

Учак кайрадан Ошко кайтып келген. “Ош” аэропортунда эне-баланы тез жардам кызматкерлери тосуп алып, төрөт үйүнө алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий