• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандык хоккейчилер 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогун жеңди

Спорт 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдештер 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама коммандалары катышты.

Бардык командалар бири-бири менен беттешип, Кыргызстан курама командасы бардык үч оюнда жеңүүчү болду.

Алгачкы оюнда Болгария курама командасын 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 эсебинде жеңген. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговиния менен ойноп 5:2 эсебинде биринчи орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий