• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык хоккейчилер Люксембургдагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун алкагында Люксембург шаарындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 8-10-ноябрда Люксембург шаарында өтөт.

Улуттук курамга Шушеньков Данил, Колодин Олег, Кудашов Антон, Турсунбеков Уран, Качкынбеков Адис, Ничипуренко Владимир, Улугбек уулу Ажымухамед, Тагаев Жанболот, Аяпов Артур, Алымбеков Кадыр, Чувалов Михаил, Горобец Артём, Носов Владимир, Титов Александр, Егоров Максим, Терентьев Кузьма, Петров Александр, Тришкин Андрей, Мирбеков Эрсултан, Тонких Владимир кирет.

Спортчуларга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 611 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий