• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык киберспортчу алгачкылардын болуп “Спорт чебери” наамын алды

Спорт 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановду кабыл алып, ага “Киберспорт боюнча Кыргызстандын спорт чебери” наамын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Наам Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык ыйгарылып, Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилди.

Жолугушууга Киберспорт федерациясынын президенти Руслан Атеев жана федерациянын башкы катчысы Баяман Саймасаев катышты.

Министр Алтынбек Максутов Кыргызстан үчүн киберспорт жаш спорттун түрү экенин, бирок акыркы убакта спорттун бул тармагы боюнча жакшы жыйынтыктар болуп жатканын Бакыттын мисалында белгилеп, учурдагы санариптешкен доордо жаштар компьютердик сабаттуулуугун жана чеберчилигин максаттуу жана пайдалуу колдонушуна тилектештигин билдирди.

Маалымат катары: Компьютердик спорт федерациясы 2017-жылы Юстиция министрлигинде “Компьютердик спорт федерациясы” коомдук бирикмеси катары мамлекеттик каттоодон өткөн. Түзүлгөндөн бери спорттук салттардын так принциптеринин негизинде иш алып барышат.

2017-жылдын 12-майында Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы Эл аралык компьютердик спорт федерациясына мүчө болуп кирген жана ушул жылдан баштап федерация расмий түрдө кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттарга жана ар кандай эл аралык турнирлерге катышуусун камсыз кылып келет.

Пикир

Оставить комментарий