• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык кикбоксчулар Өзбекстандагы ачык биринчиликте 7 алтын медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандагы кикбоксинг боюнча ачык биринчиликте 7 алтын медаль утушту. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 14-декабрда Өзбекстандын Сыр-Дарыя шаарында өттү.

Кыргызстандын атынан аталган биринчиликте 18 спортчу күч сынашты. Алар 7 алтын, бир коло медалды жеңишти. Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы биринчи орунга жайгашты.

Кикбоксинг боюнча ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрү: Улукбек Аскарбеков (30 кг), Дастан Анарбаев (33 кг), Исхак Тагаев (42 кг), Шерболот Меңдибаев (54 кг), Дилзат Назарматов (48 кг), Умарбек Уланбек уулу (67 кг) жана Абдулла Батиралиев (40 кг).

Коло медалды Абдулбост Хасанов (51 кг) жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий