• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык кинооператор Лос-Анжелестеги кинофестивалда сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 27.10.17. /Кабар/. Кыргызстандык кинооператор Марат Алиев Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival кинофестивалында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идирисова билдирди.

Анын маалыматында, Лос-Анжелесте кинорежиссер, сценарист, продюсер жана коомдук ишмер Садык Шер-Нияз негиздеген Asian World Film Festival 3чү кинофестивалы өтүүдө.

Фестиваль 25-октябрда башталган, 2-ноябрга чейин уланмакчы. Ага катышууга Кыргызстандан кинооператор Мурат Алиев, кинорежиссер Актан Арым Кубат жана негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз келишкен.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинооператор Мурат Алиев “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” сыйлыгы ыйгарылды.

Кинофестивалдын алкагында Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт.

Фестиваль азия аймагынын 50 өлкөсүнүн тасмаларын сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий