• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык команда Ысык-Көлдө өткөн пляж футболу боюнча турнирде коло байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө өткөн угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында пляж футболу боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык команда 3-орунду багынтты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Турнир Бостери айылында 29-июлдан 3 август аралыгында болуп, Кыргызстандын жана Казакстандын спортчулары катышкан.

Оюндун жыйынтыгында биринчиликти 15 упай менен Алматы облусунун командасы алса, экинчи орунга Петропавлдан келген футболчулар илинди. Коло байгени 9 упай менен "Бишкек 1" жамааты жеңди.

Пикир

Оставить комментарий