• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык компаниялар Түркиядагы эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышууда

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-мартынан 12-мартына чейин Түркиянын Конья шаарында эл аралык айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу КР Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн алкагында, 305 миң катышуучудан турган дүйнөнүн 101 өлкөсүнөн 1 миңден ашык компания катышууда.

Кыргыз тараптан көргөзмөгө Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин долбоордук тобу жетектеген 10дон ашык ата мекендик компания катышууда.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө жыйырмадан ашык компания менен жолугушуулар өткөрүлдү, бир катар компанияларга Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Инвестицияларды илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы Т.Таалайбекова жетектеген долбоордун тобу B2B жолугушууларында MÜSİAD бизнес ассоциациясы, Конья соода палатасы жана Конья фондулук биржасы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий