• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык комузчу 2700 метр бийктикте комуз чертти

Маданият 0


Бишкек, 7-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык комузчу 2700 метр бийктикте “Таң булбулу” чыгармасын комузда ойноду.

“Тоого чыгабыз” клубунун активисттеринин бири Анара Кошукеева “Көл-Төр” көлүнүн жээгинде досторуна комуз чертип берген. Белгилүү болгондой, дем алыш күндөрү тоого чыгууну жактырган клубдун өкүлдөрү аталган көл жээгине эс алууга чыгышканын клуб мүчөлөрү кабарлады.

“Көл-Төр” көлү түндүк Тянь-Шандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал Кегети капчыгайы менен кесилишип, 2700 метр бийиктикте орун алган.

Тоолорду сүйүүчүлөр клубунун курамы дени сак жашоо образын, тоолорду, жаратылышты сүйүүгө, ошондой эле, бардык жарандарды айлана чөйрөдө тазалыкты сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий