• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык "Кош бол" тасмасы Москвадагы фестивалда жеңүүчү болду

Маданият 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык кыска метраждуу "Кош бол" тасмасы "Алтын бешилик" ("Золотая пятёрка") студенттик тасмалардын эл аралык фестивалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Фестиваль 21-23-май күндөрү Москвада болуп өткөн.

Тасманын режиссеру – Караш Жанышов.

Белгилей кетсек, бул тасма 6-июнь күнү "Логвиненко көчөсү 55А" дарегинде жайгашкан "Сорос-Кыргызстан" фондунда көрсөтүлөт. Ал саат 17:00дө башталып, кирүү акысыз.

Буга чейин аталган тасма "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалында жеңүүчү болгон. Оберхаузенде (Германия) 1-6-май күндөрү болуп өткөн кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалында калыстардын чечими менен "Кош бол" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыган.

Пикир

Оставить комментарий