• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта издөө иштерине киришти – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерине киришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) берген тапшырмаларына ылайык, жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткаруу жумуштарын аткарышууда.

"Учурда куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшерлер, психолог, издеп, куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар. Куткаруу, тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 7 миңден ашты, 40 миң адам жаракат алды.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркап, 1,5 миңден ашуун адам өлүп, 3,5 миңден ашууну жарадар болгон.

Пикир

Оставить комментарий