• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда өткөн эл аралык машыгууга катышты

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Казакстанда өткөн эл аралык командалык-штабдык машыгууга катышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 21-22-сентябрь аралыгында Алматы облусунун Тамгалы Тас капчыгайындагы "Аскалуу шаар - Астана" машыгуу полигонунда "Жер-2021" эл аралык командалык-штабдык машыгуулары өттү.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Ю. Ильиндин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн мелдешке Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин авариялык куткаруу кызматтары катышты.

Машыгуулардын негизги максаты — жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумдарынын мүмкүн болуучу жер титирөөнүн кесепеттеринен келип чыккан өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн даярдык деңгээлин жана жөндөмүн жогорулатуу болду.

Пикир

Оставить комментарий