• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык кыска метраждуу тасма Россиядагы кинофестивалда мыкты деп табылды

Маданият 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Чек арада" аттуу кыска метраждуу тасма Россиядагы "АРТКИНО" автордук кыска метраждуу тасмалардын фестивалында байге алды. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясы билдирет.

Режиссер Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" аттуу тасмасы "20 мүнөткө чейинки мыкты тасма" номинациясында жеңүүчү болгон.

Сыйлыкты алууга режиссердун ордуна тасманын сценарийинин автору Искандар Усманов барган.

Пикир

Оставить комментарий