• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбан кыздар Россиядагы мелдеште 2 алтын медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар кыздар арасында күрөш боюнча Россиянын ачык кубогунда ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Россиянын Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 22-23-ноябрда Россиянын Чебоксарах шаарында өттү. Алтын медаль үчүн Россиянын 34 аймагынан жана Азербайжан, Кыргызстандын спортчулары күч сынашты.

Кыргызстандык спортчулар 2 алтын медаль жеңишти.

Нураида Анаркулова 57 кг чейинки салмакта катышкан. Финалдык таймашта россиялык Анастасия Сидельникованы жеңип алтын медалды тагынды.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта россиялык Дарья Шистерованы утуп, баш байгени жеңген.

Пикир

Оставить комментарий