• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык кыз Түркияга эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык кыз Түркияга эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнда "Манас-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармаган.

Бишкек-Стамбул рейсин каттоого алуу учурунда 42 жаштагы Кыргызстандын Г.А. аттуу жараны 44 жаштагы А.Ж. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн.

“Г.А. Түркияга учуп кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгондугун мойнуна алды. Ал буга чейин Түркиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылган болчу”, - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү иш кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий