• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык Лепшаков Россияда бильярд турнирде жеңип чыкты

Спорт 0

Бишкек, 17.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Дастан Лепшаков 9-14-октябрда Россиядагы Ростов-на-Дону шаарында өткөн бильярд турнирде жеңип чыкты.

Мелдештер “комбинацияланган пирамида” дисциплинасында өттү.

Лепшаков бардык беттешүүлөрдө өзгөчө оюн көрсөтүп, татыктуу жеңишке ээ болду. Бул турнирде кесипкөй бильярдчылар ойношту. Жеке жолугушууларда Лепшаков дүйнөнүн үч чемпионун, финалда Александр Сидоровду жеңди.

Бул турнирге Кыргызстандан: Камолиддин Есиддинов, Руслан Аданов, Дастан Лепшаков, Арсен Каленбаев, Алмаз Сейдибакасов, Ажибек уулу Даниел жана Ызат Ратбеков катышышты.

Пикир

Оставить комментарий