• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык магистранттар Казакстанда илимий стажировкадан өтө алышат

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинин магистранттары Казакстандагы У.А.Жолдасбеков атындагы Экономика жана укук академиясында илимий стажировкадан өтүшөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, кызматташуу тууралуу тиешелүү келишимге академиянын ректору Виталий Хан жана кыргызстандык ЖОЖдун магистратура бөлүмүнүн башчысы Мира Абдыкаримова кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстандан келген делегацияга Чыгыш университетинин узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы сунушталып, учурдагы билим берүү процесстери тууралуу маалымат берилди.

Виталий Хандын айтымында, Чыгыш университети Казакстан Республикасынын жаштары арасында өзгөчө белгилүүлүккө ээ.

Пикир

Оставить комментарий