• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык мигранттар 2017-жылы Россиядан мекенине 2,21 млрд доллар которушкан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Кыргызстандык мигранттар 2017-жылы Россиядан мекенине 2,21 млрд доллар которушкан. Бул тууралуу РФ Борбордук банкынын сайтында жеке жактардын которуулары боюнча маалымдалат.

Бул көрсөткүчтөр 2016-жылга караганда 27%, 2013-жылга салыштырмалуу 5% көп.

Тажикстан жана Өзбекстан 2013-жылы катталган рекордду жаңырта алышкан жок.

Өзбекстанга бир жылда 3,9 млрд доллар которулган. Бул 2016-жылга караганда 42% көп жана 2013-жылдан 42% аз, деп жазат “Фергана”.

Тажикстанга 2,54 млрд которушкан – бул 2016-жылдагыдан 31%га, 2013-жылдагыдан 40%га көп.

“Парламентская газета” маалыматы боюнча Россиядан эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмү 2014-жылдан экономикадагы кризистик көрүнүштөргө жана рублдин курсунун түшүүсүнө байланыштуу кыскарган.

КР Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча Россияда 640 миң кыргыз жараны иштеп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий