• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык мигранттардын Россиянын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө (Россия Федерациясы) министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу жана приоритеттүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын Россиянын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий