• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык модель онлайн добуш берүүдө экинчи келатат

Коом 0

Бишкек, 21-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын атынан Ливанда өтүп жаткан “World Next Top Model 2017” эл аралык сулуулар сынагына катышып жаткан Сусана Егорян, онлайн добуш берүүдө экинчи орунда келатат. Бул тууралуу Inter Alliance KG” модель агенттигинин директору, “Кыргызстан сулуусу” сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.

Учурда Егорян Кениянын сулуусунан 89 добуш артта калып жатат. Ага 2 миң 801 жаран добуш берсе, кыргызстандык сулууга 2 миң 712 добуш чогулган.

Таттыбүбү Самидин кызы кыргызстандыктарды онлайн добуш берүүгө катышып, мекендешибизди колдоп коюуга чакырат. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп “лайк” чогулткан катышуучу “Miss Online” титулуна ээ болот.

«Miss World Next Top Model» сынагы ар жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы шаарларында, 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактын баш байгеси 5 миң АКШ долларын түзөт.

Аталган сынакка катышкан ар бир модель алдыңкы модель агенттиктери менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Учурда сынак Ливанда өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий