• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык моделдер өлкөнү Сеулдагы фестивалда татыктуу тааныштырды

Маданият 0

Бишкек, 11-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын үч модели өлкөнү Сеулда өткөн эл аралык «Asia Model Festival» фестивалында татыктуу тааныштырды. Бул тууралуу “Up Models” агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык сынак 22-24-июндар аралыгында Түштүк Кореяда өткөн. Ал эми аталган сынакта Кыргызстандын намысын Алла Экман, Бегенч Гурбансахатов жана Айчүрөк Курстанбек кызы коргогон.

23-июнда «Face of Asia” моделдери үчүн финал өттү. Анда Борбордук Азиядан 11 катышуучу чыкты. Аталган сынакка 27 Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Эркектер арасында Азиянын жүзү деп, Өзбекстандык Шахбоз Махмудов таанылды.

Мындан тышкары Анель Карабаев, Тлеужан Назир (Казакстан), Алла Экман (Кыргызстан), Анастасия Ухова (Өзбекстан), Зарнигор Хусаинова (Таджикистан) өзгөчөлөнө алды.

Ал эми Тажикстандык Зарнигор Хусаиновага Түштүк Кореянын Туризм жана маданият министрлиги тарабынан 2017-жылдан 2019-жылга чейин корей элинин досу катары чакыруу тапшырылды.

Ошондой эле, Бегенч Гурбансахатов (Кыргызстан) жана Сафина Гаибова (Тажикстан) демөөрчүлөрдүн белектерине ээ болушту.

«Asia Model Festival” - бул 10 жылдан бери ар жыл сайын Түштүк Кореяда өтүүчү иш чара. Анда Азиянын 25 мамлекетинин өкүлдөрү катышат. Фестивалда моделдер, дизайнерлер, топ моделдер, жана аталган өлкөлөрдүн белгилүү ырчылар катышат. Бул өз кезегинде өзүн жана мамлекетин татыктуу тааныштырууга чоң мүмкүнчүлүк.

Пикир

Оставить комментарий