• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык мугалим машыктыруучулар арасындагы эл аралык олимпиадада I орунду ээледи

Билим 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Ушул жылдын 4-5-декабрында Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышты.

«Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов да аталган олимпиадага катышып, бардык маселелерди чечип, I орунду ээледи

Кыргызстандан олимпиадага математика боюнча калыстар тобунун мүчөсү катарында «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов да чакырылган. Ал бул олимпиадага 2019-жылы катышып, 108 катышуучунун арасынан математика боюнча I орунду багындырган.

Пикир

Оставить комментарий