• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык Муртазалиев джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында “алтын” утту

Спорт 0

Бишкек, 30.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев Монголияда өткөн Азия чемпионатында джиу-джитсу боюнча алтын медаль утту.

Турнир 27-28-январь күндөрү Улан-Батор шаарында өткөн.

Муртазалиев эркектер арасында 85 кг салмактык категория боюнча мелдешке чыккан.

Өзүнүн салмактык категориясында кыргызстандык спортчу биринчи орунду алып, алтын медаль утуп, 2018-жылдагы Азия чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий