• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык Муртазалиев джиу-джитсу боюнча чемпионатта “коло” утту

Спорт 0

Бишкек, 20.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев Түндүк Американын джиу-джитсу боюнча American Continental Championship ачык чемпионатында “коло” медаль утту.

Турнир 18-февралда Нью-Йоркто (АКШ) өттү. Муртазалиев 85 кг чейинки салмактык категория боюнча мелдеште катышты.

“Биздин желекти жогорку тепкичте көтөрүүгө мүмкүн болгон жок, ар дайым эле биз каалагандай боло бербейт, барына шүгүр кылуу керек”,-деп билдирген спортчу.

Эске сала кетсек, январь айынын аягында Муртазалиев 2018-жылы джиу-джитсу боюнча Азиянын чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий