• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык мушкер РФнын Алыскы Чыгыш панкратион федерациясы менен келишим түздү

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. MFP Алыскы Чыгыш панкратион федерациясы Кыргызстандык мушкер Эрмек Норымбетов менен келишим түздү. Бул тууралуу Алыскы Чыгыш панкратион федерациясынын расмий тобуна таянып “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Алыскы Чыгыштагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев белгилегендей, Хабаровскта жыл сайын заманбап панкратион боюнча турнир өтөт. Аралаш мушташтын сүйүүчүлөрү мелдештерге катышууга келишет. Акыркы мезгилде ТАР, Бразилия, Австралия, Кыргызстан, Азербайжан жана Алыскы Чыгыштан келген спортчулардун беттештери болду. “Кыргызстандан мушкер катышты, бирок алардын катышуусу күтүлбөстүк болду. Алыскы Чыгышта жашаган мекендештерибиз көп жана мушташтын бул түрү боюнча келечектүү мушкерлерибиз аз эмес. Ошондуктан панкратион боюнча өтө турган турнирлерге катышууга биздин мушкер менен келишим түзүү ою бышып жетилген”, - деди ал.

“Биз Алыскы Чыгыш панкратион федерациясынын колдоосуна жана спортчуларыбыздын турнирге катышуусун каалоосуна ыраазычылык билдиребиз. Эрмек Кыргызстандын атын татыктуу көрсөтөт деп ишенем”, - деп белгиледи ардактуу консул.

Пикир

Оставить комментарий