• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандык мушкерлер адаттан тыш эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер "EMIR Fighting Championship" аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 25-декабрда Москва шаарында өтөт.

"Алгачкы жолу бокс боюнча чемпион карате чебери менен беттешет. Ошондой эле самбо – ушу, тай бокс – капоэйра (Бразилиянын улуттук уруш өнөрү) жана дзюдо - оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча уруш өнөрдүн чеберлери бири-бири менен беттешет", - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин негизги кармашуусу лэхвей (Мьянманын мурунку уруш өнөрү) беттеши. Анда мушкерлер спорттук кол капты кийбестен чүпүрөк ороп алып мушташат.

Пикир

Оставить комментарий