• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандык мушкерлер Азия биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Быйылкы Олимпиада оюндарына лицензия берүүчү Азия биринчилиги 29-февралдан 12-мартка чейин Амман шаарында (Иордания) болуп өтөт.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Азат Үсөналиев (52 кг), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Арген Кадырбек уулу (63 кг), Нурсултан Маматалы уулу (69 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг) катышат.

Пикир

Оставить комментарий