• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону болду

Спорт 0


Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Муслим Евлоев Азия чемпиону болду. Бишкекте 27-февралда башталган турнир кечээ, 4-мартта аягына чыкты.

Финалда Евлоев (74 кг чейин) Монголиялык спортчу Мандахранан Ганзориг менен кармашып, 11:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Коло медалды Казакстандык мушкер Данияр Кайсанов менен Ирандык мушкер М.Хоссеинхани алышты.

Ошондой эле мурда эркин күрөш боюнча мушкер Улукбек Жолдошбеков (61 кг чейин) коло медаль багындырган.

Ошентип, Кыргызстандын байге куржунунда эки алтын медаль бар.

Бардыгы болуп КР спортчулары 11 медаль утушкан. Грек-рим күрөшү боюнча мушкерлер 8 медаль утушкан, анын бири “алтын” Акжол Махмудовго (71 кг чейин) таандык, андан тышкары үч күмүш жана төрт коло.

Пикир

Оставить комментарий