• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык мыкты мушкерлер “Континенттер таймашына” катышышат

Спорт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. 1-майда Москвада аралаш уруштар боюнча ири эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу fc-emir.ru.tilda.ws сайтына таянып http://sport.kg/ билдирет.

Белгиленгендей, иш-чаранын алкагында 10 өлкөнүн 34 мушкери катышкан 17 мелдеш өтөт. Мындан тышкары, 3 беттеш EFC чемпиону үчүн жана беш башкы уруш өткөрүлөт.

Кыргызстандан Чомонов, Зарылбек уулу, Полот уулу, Сооронбаев, Асанов, Маткабылов, Сүйөркул уулу, Абыл уулу, Аманбаев, Темиркулов, Сатаров, Сатканов, Имаров, Маратбай уулу, Кенжебаев, Мойдун уулу, Канатбек уулу, Бактыбек уулу, Абдылда уулу, Абдирасул уулу аттуу спортчулар катышат.

Ардактуу конок катары Тилек Батыров жана Алмазбек Раимкулов сыяктуу белгилүү мушкерлер катышат.

Турнирдин алып баруучусу Александр Загорский.

Пикир

Оставить комментарий