• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык "Нефтчи" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунун плей-офф оюндарына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кочкар-Атанын "Нефтчи" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунун плей-офф оюндарына чыкты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алгачкы этабынын оюнуна түркмөнстандык "Ахал" командасынын беттешке катышпай койгону себеп болгон.

Мындан улам, Азия футбол конфедерациясы регламентке ылайык, "Ахал" командасын четтетти.

Кочкар-Атанын "Нефтчи" командасы атаандашы оюнга катышпай койгондуктан, Азия футбол конфедерациясынын кубогунун плей-офф оюндарына чыкты. Ал жактан кыргызстандык команда тажикстандык "Худжанд" командасы менен аталган кубоктун тайпалык оюндарына өтүү үчүн күч сынашат.

Оюн 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда өтөт. Жооптук беттеш 26-февралда өтөт.

Эскерте кетсек, "Нефтчи" менен "Ахал" командалары 5-февралда оюн өткөрмөк. Бирок коронавирустун дүйнөгө тарап жаткандыктан түркмөнстандык команда беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий