• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык Нуриддин Юнусов шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаш спортчу Нуриддин Юнусов шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын шахмат Федерациясынан кабарлашты.

Ташкент шаарында 19-июнда башталган турнир 29-июнда жыйынтыкталат. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева башында турган 13 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий