• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык оюнчу Валерий Кичин футболдук беттеш учурунда мушташа кетти - видео

Спорт 0


Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Валерий Кичин футболдук беттеш учурунда мушташа кетти. Бул тууралуу видео соцтармакка жүктөлгөн. Окуя россиялык “Енисей” менен “СКА-Хабаровск” командаларынын оюну учурунда болгон. Беттеш 1:0 эсебинде “Енисей” командасынын жеңиши менен аяктаган.

Видеодо байкалгандай, Кичин атаандашына сокку узатып, андан кийин күрөшө кеткен. Эки команданын оюнчулары мушташка түшкөн эки футболчуну ажыратууга аракет кылган.

“Енисей” командасынын капитаны Александр Тарханов окуя боюнча пикирин билдирип жатып, Кичинге карата жазалоо болбой турганын айткан. “Эч кандай жаман нерсе болгон жок. Бири-бирин түрткүлөп, күрөшө кетишти. Оюнчулар элдешти. Эч кандай жаракат алышкан жок. Бул сезондук оюн болгондуктан оюнчулар өздөрүн эмоцияга алдырды”, - деп Тарханов билдиргенин Чемпионат жазып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий